Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Ысык-Ата районундагы өрттөн төрт киши каза болду


Өрт өчүргүчтөр.
Өрт өчүргүчтөр.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан мал сарайда 13-декабрда чыккан өрттөн үч бала жана бир аял каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча ыкчам көмөк көрсөтүү башкармалыгы кабарлады.

«13-декабрда Чоң Чүй каналынын жээгинде жайгашкан кашарлардын биринде өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Болжол менен түшкү 14:35дер чамасында сарайдын чатырында өрт чыгып, адамдар жашаган эки бөлмөсү толук өрттөнүп, буга кошумча 320 чарчы метр сарай да өрттөндү. Үйдөн төрт кишинин сөөгү чыкты. Алар: 25 жаштагы келин, төрт жашар кыз, алты жана үч жаштагы балдар. Өрт болгон жерге 27-отряддын эки тобу жана Аламүдүн базарынын өрт өчүрүүчү атайын автоунаасы тартылды. Өрттүн себеби азыр такталууда», - деди ӨКМдин нөөмөттөгү офицери.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылдын он айында Кыргызстанда жалпы 2045 өрт катталган. Тилсиз жоонун чыгымы 473 млн. сом деп эсептелди. (BCh)

XS
SM
MD
LG