Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Пашинян Карабактагы согуш үчүн «жоопкерчилик» тарта турганын, «күнөөсү» жок экенин билдирди


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабактагы согушта өз өлкөсү ийгиликсиз болгону үчүн жоопкерчилик тартарын, бирок жеңилүүнүн башкы күнөөкөрү деген баага макул эмес экенин билдирди.

Бул тууралуу Пашинян «Азаттыктын» армян кызматындагы маегинде айткан. Учурда оппозиция кызматтан кетишин талап кылып жаткан премьер-министр өзү жүргүзгөн саясат Тоолуу Карабактагы согушту шарттады деген сөздөргө да кошулбайт.

Пашиняндын пикири боюнча, объективдүү себептерден улам аймакта кагылышууга жеткирбей коюу мүмкүн эмес болчу.

Никол Пашинян мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча оппозициянын талабын аткара албай турганын, мындай иште өзү жалгыз чечим кабыл албай турганын билдирди.

«Мөөнөтүнөн мурда шайлоо менин каалоомо жараша болбойт. Бул жерде консенсус табуу зарыл», - деди ал.

Ереванда акыркы бир айдан бери оппозициянын өкмөткө каршы акциялары өтүп жатат. Алар Тоолуу Карабактагы согушта армян тараптын жеңилип калышына премьер Пашинянды күнөөлөп, анын кызматтан кетишин талап кылууда. Оппозиция өлкөдө 22-декабрдан тартып жалпы элдик иш таштоо баштарын жарыялаган.

Никол Пашинян болсо кызматтан кетүүгө негиз жок экенин айтып келет.

Армения менен Азербайжандын талашына түшкөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрда башталган алты апталык согуш 9-ноябрда Орусиянын арачалыгы менен кол коюлган келишимге ылайык токтогон. Ага ылайык, жикчил Тоолуу Карабактын чет-жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылды. Аймакка тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын 2 миңдей жоокери 10-ноябрдан тартып киргизилген.

XS
SM
MD
LG