Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Жогорку сот Бектур Асановго карата мурдагы өкүмдөрдү биринчи инстанцияга кайра кароого жиберди


Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

Жогорку сот 18-декабрда Бектур Асановго карата 2016-жылы козголгон кылмыш ишин жана ага байланышкан өкүмдөрдү кайра карап, бардыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу Бектур Асанов өзү «Азаттыкка» маалымдады:

«Сот бүттү. Биринчи май райондук, Бишкек шаардык жана Жогорку соттун буга чейин мен тууралуу чыгарган өкүмдөрүнүн баары жокко чыгарылды. Иш кайра караш үчүн Биринчи май райондук сотко жөнөтүлдү. Ошентсе да бул өкүмдүн чыгышы кечикти деп ойлойм. Себеби, бийлик мени атайын эле шайлоого катыштырбаш үчүн сотту кечеңдетти».

Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шүгүралиева да бул маалыматты тастыктап, Бектур Асановго байланыштуу соттук териштирүү Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберилгенин айтты.

БШК 19-ноябрда Бектур Асановду «соттолгон» деген негиз менен 10-январда өтчү президенттик жарыштан четтеткен. Ал 27-ноябрда мөөнөтсүз ачкачылык жарыялап, мунун себебин өзүнүн сот иштери улам жылып жатканы менен байланыштырган.

Бектур Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда саясатчылар Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков менен кошо «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен камалып, сегиз жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы Жогорку сот Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтүн жаңы мыйзамдарга ылайык караган, алар ошол жылдын 12-февралында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG