Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Пашинян Еревандагы аза күтүү жөрөлгөсүнүн башында болду


Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Еревандагы аза күтүү жүрүшүнө катышты. 2020-жылдын 19-декабры.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Еревандагы аза күтүү жүрүшүнө катышты. 2020-жылдын 19-декабры.

19-декабрда Армениянын байтактысы Ереванда шаар борборунан «Ераблур» аскердик көрүстөнүнө карай аза күтүү жүрүшү болду. Тоолуу Карабактагы алты апталык согушта курман болгон армян жоокерлерине багышталган аза күтүү жөрөлгөсүнүн алдыңкы сабында Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян барды. Жүрүшкө парламент спикери Арарат Мирзоян, вице-спикер Ален Симонян, өкмөт мүчөлөрү да катышты.

Ишембиде Арменияда үч күндүк аза күтүү башталды. «Ераблур» аскердик көрүстөнүнө жакын калганда бул жүрүштү күтүп турган Пашиняндын оппозициясынын өкүлдөрү премьерди көрүстөнгө киргизбей коюуга далалат жасашты жана аны “чыккынчы” деп атап жатышты. Полициянын жана өз тарапкерлеринин көмөгү менен Пашинян көрүстөн аймагына кире алды.

Саал мурдараак Пашинян видео кайрылуу жасап, өлкөнүн болочогу “элитанын козголоңу” аркылуу эмес, элдик тандоо аркылуу аныкталышы керек деп билдирген болчу. Ал өзүн кызматтан кетирүүнү талап кылгандардын иш-аракетин “элиталык козголоң” деп баалады.

«Ераблур» аскердик көрүстөнүнө карай жүрүш. Ереван. 2020-жылдын 19-декабры.
«Ераблур» аскердик көрүстөнүнө карай жүрүш. Ереван. 2020-жылдын 19-декабры.

Оппозиция өкүлдөрү Пашиняндын кызматтан чегинишин жана ордуна саясатчы Вазген Манукяндын өткөөл мезгилдин өкмөт башчысы катары дайындалышын талап кылып, 19-декабрда Ереванда дагы бир жыйын өткөрүштү. (TT)

XS
SM
MD
LG