Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:33

БШК «Парламенттик башкаруу үчүн» үгүт тобун каттады


Борбордук шайлоо комиссиясы.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 21-декабрдагы жыйынында Кыргызстандын башкаруу ыкмасын аныктоо боюнча референдумга карата үгүт жүргүзө турган топторду каттоо маселесин талкуулады.

Анда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев түзгөн "Парламенттик башкаруу үчүн" демилгечи үгүт тобу катталды.

Бекешев эми референдумду утурлай парламенттик башкарууну тандоо үчүн элди үгүттөй турганын, социалдык тармактар аркылуу парламентаризмдин артыкчылыктарын түшүндүрүп бергенге аракет кыларын билдирди.

Мыйзам жалпы элдик добуш берүүнүн алдында референдумга коюлган маселелерди колдогондордун жана каршылардын үгүт тобун түзүүгө уруксат берет.

Бекешев өткөн аптада үгүт тобун каттоо тууралуу БШКга арыз менен кайрылган.

БШК буга чейин үгүт жүргүзүү үчүн бир гана демилгечи топтон арыз түшкөнүн маалымдаган.

Мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдумда жарандарга үч суроо коюлат. Ага катышкандар президенттик же парламенттик башкаруу ыкмасын колдой турганын же бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек.

2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо Конституцияны өзгөртүп, башкаруу тартибин аныктаган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам Жогорку Кеңеште 9-декабрда биринчи окуудан, 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн.

Бир катар активисттер, саясатчылар, депутаттар документ мыйзамды одоно түрдө бузуу менен бардык окуудан өткөнүн айтып келишет. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG