Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Ысык-Көлдө 16 жаштагы кызга нике кыйылганы тууралуу маалымат тарады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 21-декабрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга муфтият менен бирге жашы жете электерге нике кыюуга каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуш кылды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, буга Ысык-Көл облусунда жашы 18ге толо элек кызга нике кыйылганы тууралуу маалымат себеп болду.

Сурабалдиева секелектин турмушка чыгышынын чоо-жайын териштирүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

Жети-Өгүз районунун 31 жаштагы тургуну 16 жаштагы кызга үйлөнгөнүн жана ислам дининин шарты боюнча аларга нике кыйылганын буга чейин жергиликтүү активист Камил Рузиев билдирип чыккан.

Анын маалыматынан кийин текшерүү иштери башталганы кабарланган.

Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы - 18 жаш. Жашы жете электерге диний негизде нике кыйган тараптар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат. (NT)

XS
SM
MD
LG