Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Бишкекте «Көл» тасмасынын ачылышы болот

Бишкектеги «Манас» кинотеатрында 23-декабрда режиссер Эмил Атагелдиевдин «Көл» аттуу дебюттук тасмасынын ачылышы болот.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Эрке Жумакматова менен Садык Шер-Нияз продюсерлик кылган фильм аталган министрликке караштуу Кинематография департаментинин каржылык колдоосу аркылуу тартылган. Аны «Оймо» студиясы »Айтыш фильм» киностудиясы менен бирге тарткан.

Тасманын премьерасы быйыл июль-август айларында Шанхайда өткөн «А» класстагы тасмалардын эл аралык фестивалында көрсөтүлгөн. Фильм - бул фестивалдын «Asian New Talent Award» категориясынын номинанты.

Мындан тышкары тасма Кыргызстандын атынан «Алтын глобус» сыйлыгына «Чет тилдеги мыкты фильм» категориясы менен сунушталган.

Фильм Ысык-Көлдүн керемет пейзажында тартылган жана адамдын өз жолун эркин тандоого умтулушун баяндайт.

Ролдорду Артыкпай Сүйүндүков, Болот Тентимишов, Малика Айдабосунова, Айнура Качкынбек кызы жана Санжар Өмүрбаев ойногон. (NT)

​
XS
SM
MD
LG