Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Өзбекстанда мечиттеги чатак киши өмүрүн алды


Өзбекстандагы мечиттердин бири.
Өзбекстандагы мечиттердин бири.

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда мечиттеги чатакта бир адам көз жумду. Окуя 22-декабрда эртең менен Шерабад районундагы чоң мечиттердин биринде болгон. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлагандай, жаңжалда мечиттин хатиби бычакталган.

Баштапкы маалыматтарга караганда, жергиликтүү тургун мечит кызматкери менен сөз талаша кетип, аны жанында көтөрүп жүргөн бычак менен сайып жиберген.

Жабыркаган дин кызматкери ооруканага жетпей каза болгон. Окуя Кылмыш кодексинин 97-беренеси ( «Атайылап киши өлтүрүү») менен иликтенүүдө. Шектүү кармалып, сурак берип жатканы кабарланды.


XS
SM
MD
LG