Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

Акча алмаштыруучу жайларда доллар кайра кымбаттоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында доллар кайра кымбаттай баштады. 23-декабрда түшкө маал бир доллар дээрлик 84 сомдон сатылып жатат. 20-декабрда акча алмаштыруучу жайларда доллардын баасы 79 сомдун тегерегинде болуп жаткан.

Доллардын расмий курсу да соңку бир күндө 0,56% жогорулады. Кечээ Улуттук банк 80,60 сом деп аныктаган болчу, бүгүн 81,05 сом деп белгиленди.

21-декабрда Кыргызстанда доллардын расмий курсу бир күндө дээрлик үч сомго арзандаган.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин арзандай баштаган. Июнда 73 сомго түшүп, ноябрда кайра 85ке жеткен.

Ноябрдын экинчи жарымында Улуттук банк дээрлик күн сайын интервенция жүргүзүп, жалпысынан 75 миллионго жакын доллар саткан.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG