Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 11:51

Ташкентте Айтматовго арналган фото көргөзмө ачылды


Ташкенттеги көргөзмө.

22-декабрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгына карата уюштурган сүрөт көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Фотокөргөзмөдө биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун уулу, жазуучунун үй музейинин жетекчиси Элдар Айтматовдун үй-бүлөлүк архивинен алынган 70тен ашуун сүрөт көрсөтүлдү.

Иш-чаранын ачылышына Өзбекстандын Көркөм академиясынын, Өзбекстандын Жазуучулар союзунун, Ташкенттеги дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, мекендештер жана журналисттер катышты.

Фотокөргөзмө 2021-жылдын 22-январына чейин уланат. (BCh)

XS
SM
MD
LG