Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

УКМК: Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын коррупциялык ишке тиешеси бардыгы тууралуу айныксыз далилдер бар


Гүлбара Калиева жана Камчыбек Ташиев. Азаттыктын коллажы.
Гүлбара Калиева жана Камчыбек Ташиев. Азаттыктын коллажы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку соттун жана Соттор кеңешинин билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Анда УКМК тарабынан Жогорку соттун жетекчилерине “Жергиликтүү сот” автоматтык маалымат системасын иштеп чыгуудагы коррупция үчүн сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы кабарланган.

“Тергөө учурунда бул ишке Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экени тууралуу айныксыз далилдер алынды. Аскер прокуратурасына Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү өтүнүчү жиберилди. Макулдук берилсе, Калиева бул иштин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Конституция боюнча Кыргызстанда бардык жарандар мыйзам жана сот алдында бирдей”, - деп жазылган.

УКМК ошондой эле Жогорку сот жана Соттор кеңеши өздөрүнүн позициясын эрте аныктап жатканына кабатырлыгын билдирген.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгону тууралуу 24-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген.

Анын айтымында, «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруудагы коррупция үчүн эки ишкананын жетекчиси кармалган. Атайын кызмат Жогорку сот IT-компания менен жасалма келишим түзүп, мамлекетке 8 миллион сомдой зыян келтирген деп эсептейт.

Жогорку сот көп узатпай билдирүү таратып, атайын кызматтын айыптоолору негизсиз экенин билдирген. Анда сот бутагынын өкүлдөрүн айыптаган ачык билдирүүлөр сот бийлигин жаманатты кыларын, мындай көрүнүш элдин сот органдарына ишенимин жоготуп, мыйзамга каршы келери жазылган. Жогорку сот ошондой эле күнөөсүздүк презумпциясы (айып далилдене электик) жазык сот өндүрүшүнүн негизги принциптеринин бири экенин эскертип, айыпталып жаткан адамдын күнөөсү далилденип, сот өкүмү күчүнө кирмейинче ал айыптуу деп эсептелбей турганын билдирген.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, соттор кол тийбестикке ээ жана үч бийлик бутагынын бири катары көз карандысыз иш алып барат. Баш мыйзамдын 94-беренесине ылайык, судья кылмыш үстүндө кармалгандан тышкары учурларда камакка алынбашы керек.

Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын сентябрь айында дайындалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG