Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Өзбекстанда Сардаба суу сактагычындагы кырсык боюнча сот башталды


Сардаба суу сактагычы.
Сардаба суу сактагычы.

Өзбекстандын Жогорку Соту Сардаба суу сактагычындагы кырсык боюнча ишти карай баштады. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлады.

Соттук жараян 21-декабрда башталып, иш жабык режимде каралууда. Кырсык боюнча “Кызматтык шалаакылык”, “Курулуш, тоо шартындагы жана жарылуучу зарттар менен иштөөдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренелери боюнча иш козголгон. Анын алкагында сегиз адамга айып тагылган.

Кырсыкты иликтеген эксперттердин корутундусуна караганда, дамбанын жарылышынын себеби долбоордун документациясында, курулушунда жана эксплуатациясында кетирилген кемчиликтер менен катачылыктарга байланыштуу.

Сардаба суу сактагычынын курулушу 2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган. Аны куруу боюнча демилге Өзбекстандын азыркы президенти, ал кездеги өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевге таандык. Дамбанын курулушуна мамлекеттин бюджетинен 404,4 млн. доллар сарпталган.

Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы быйыл 1-майда жарылып, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миңдей киши шашылыш коопсуз жакка көчүрүлгөн.

Адистер дамбанын жарылышына тармактагы жемкорлук, аны курууда бетон жана башка курулуш материалдарынын уурдалганы себеп болгон деп эсептешет.

Сардаба суу сактагычына 922 миллион куб метр суу батат. Суу сактагычтын бийиктиги 28,8 метр.

XS
SM
MD
LG