Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн жаш киночуларынын VIII "Үмүт" форуму аяктады


Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун VIII "Үмүт" форумунун катышуучулары
Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун VIII "Үмүт" форумунун катышуучулары

25-декабрда КМШ өлкөлөрүнүн VIII "Үмүт"кинофорумунун жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева билдирди.

Улуттук сынактын жеңүүчүлөрү:

- Эң мыкты тасма үчүн сыйлык Чыңгыз Самудин уулу тарткан "Кыял" тасмасына;

- Мыкты режиссура үчүн сыйлык "Кат" тасмасын койгону үчүн Алымбек кызы Айзадага;

- Калыстар тобунун атайын сыйлыгы режиссер Чыңгыз Сулумбековдун "Күн карама" тасмасына;

- Калыстар тобу тарабынан өзгөчө бааланган диплом режиссер Кайратбек Азимбаевдин "Кара Жыгач" тасмасына ыйгарылды.

Россотрудничество сыйлыктары төмөнкүлөргө берилди:

- Мээрим Догдурбековага "Мергенчи" тасмасы үчүн,

- Фериде Созонбаевага - "Момундук" тасмасы үчүн,

- Турсун Мамыралиевге "Туке" тасмасынын каарманы үчүн,
“Туке” тасмасынын режиссеру Жаныш Дадабаев.

Кинематографисттер союзунун сыйлыгы Кайратбек Азимбаевге "Кара Жыгач" тасмасы үчүн берилди.

Улуттук конкурстун калыстар тобу Эдуард Новиков, Мария Костюкович, Виктор Ли-Фу болду.

Эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү:

- Эң мыкты тасма үчүн сыйлык режиссер Дмитрий Давыдовдун "Дарыя" тасмасына ыйгарылды. Ал Саха Республикасынан (Якутия) келген.

- Мыкты режиссерго сыйлык "Айтал" тасмасын жаратканы үчүн Саха Республикасынан (Якутия) келген режиссер Владимир Мункуевге ыйгарылды.

- Калыстар тобунун атайын сыйлыгы режиссер өзбекстандык Данте Руставге "Баскынчылык" тасмасы үчүн ыйгарылды.

Казакстандык режиссер Алишер Жадыгеров тарабынан тартылган "Карантин" тасмасы “калыстар тобунун өзгөчө эскерүү” дипломуна ээ болду.

Россотрудничество сыйлыктары төмөнкүлөргө берилди:

- Армениядан келген Ани Оганесянга "Лейлек уясынын астында" тасмасы үчүн;

- Өзбекстандык режиссер Шакир Холиковго “Дүйнө. Вирус. Адам” тасмасы үчүн;

- Кыргызстандык режиссер Данияр Абировго "Балапан" тасмасы үчүн ыйгарылды.

Кинематография департаментинин сыйлыгы режиссер Данияр Абировдун "Балапан" тасмасына тапшырылды.

Эл аралык конкурстун калыстар тобу:

Калыстар тобунун төрагасы Султан Усувалиев, мүчөлөрү Асел Шерниязова, Нуржамал Карамолдоева, Жазгүл Ибраимова, Самара Сагынбаева болушту.

Быйыл форум Ким Ки-Дуктун элесине арналды.

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун "Үмүт" VIII форуму аяктады.

Эскерте кетсек, 22- декабрда Кыргызстанда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги менен жаш киночуларынын VIII "Үмүт" форуму башталган. Форумдун алкагында тасмалардан тышкары талкуулар, мастер-класстар жана белгилүү кино ишмерлери менен чыгармачыл жолугушуулар өттү.
Эл аралык «Үмүт» форумун Кино департаменти уюштурган.(MSd)

XS
SM
MD
LG