Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:00

COVID-19: Дагы төрт киши көз жумду


COVID-19 илдетин аныктоочу лабораториянын дарыгерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
COVID-19 илдетин аныктоочу лабораториянын дарыгерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 26-декабрга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада илдеттен төрт киши көз жумду. Алардын баары Бишкекте катталды.

26-декабрга карата коронавирус дагы 157 адамдан жаңы аныкталды. Басымдуу бөлүгү Бишкек шаары (60) менен Чүй облусунда (27). Ош шаарында алты, Ысык-Көл облусунда 20, Баткен облусунда төрт, Жалал-Абад облусунда 10, Ош облусунда 20, Талас жана Нарында бештен киши ооруга чалдыккан.

Кыргызстанда коронавирус алгач катталган март айынан бери жалпысынан 80183 адам COVID-19 менен ооруду.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен 300 адам айыгып чыкты. Жалпы жонунан оорудан 74 477 адам айыгып, 1344 киши көз жумду.

Ушул тапта ооруканада 1303 адам дарыланууда. Алардын ичинен 20сы канааттандырарлык, 855 орто, 365 адам оор абалда, 63 бейтап өтө оор абалда жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG