Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

COVID-19: Төрт киши каза болду, жаңы 191 учур аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 27-декабрга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада илдеттен төрт адам көз жумду. Алардын үчөө Бишкекте, бирөө Баткен облусунда.

27-декабрга карата коронавирус дагы 191 адамдан жаңы аныкталды. Басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (78) жана Бишкек шаарында (48). Ош шаарында 5, Ысык-Көл облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 14, Баткен жана Ош облустарында тогуздан, Талас жана Нарында төрттөн адам ооруга кабылган.

Кыргызстанда коронавирус алгач катталган март айынан бери жалпысынан 80 373 адам COVID-19 менен ооруду.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен 343 адам айыгып чыкты. Жалпысынан 74 820 адам айыгып, оорудан көз жумгандардын саны 1348 кишиге жетти.

Ушул тапта бейтапканаларда 1261 адам дарыланууда. Алардын ичинен 23ү канааттандырарлык, 816 орто оордукта, 369 адам оор абалда, 53 бейтап өтө оор абалда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG