Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Түркияда кыргызстандык кыздын шектүү өлүмү иликтенет


Түрк полициясы. Жалпы сүрөт.
Түрк полициясы. Жалпы сүрөт.

26-декабрда Түркиянын Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык Р.К.нын өлүмү боюнча Анталия шаардык прокуратурасы тергөө ишин баштаганын кабарлады.

Бул тууралуу жергиликтүү «Демирөрен» жана башка маалымат агенттиктер кабар таратышты. Анда Анталия шаарынын Муратпаша районунун тургуну, түрк жараны Е.О. полицияга чалып, чогуу жашап жүргөн сүйлөшкөн кызы кыргызстандык Р.К.нын эртең менен каза болуп калганын кабарлаган. Окуя болгон жерге келген «Тез жардам» кызматкерлери кыргызстандык кыздын каза болгонун айтышкан.

Полицияга көрсөтмө берген Е.О. кыргызстандык Р.К. менен бир жылдан бери чогуу жашаганын, кечээ түнү ичимдик ичкенден кийин уктап калгандыгын жана ойгонгондо жанындагы кыз жансыз жатканын аңдаганын айтып берген. Анталия шаардык прокуратурасы бул окуя боюнча тергөө башталганын, бул «сырдуу» өлүмдүн чоо-жайын иликтөө улантылып жатканын кабарлаган.

Кабарда каза болгон Р.К.нын сөөгү соттук-медициналык экспертиза үчүн өлүкканага жөнөтүлгөнү жазылган.

Расмий маалыматка караганда, Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет.
2019-жылы Түркиядан Кыргызстанга 17 сөөк («Жүк 200») жөнөтүлгөн. (ElB)

XS
SM
MD
LG