Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Түркияда кыргызстандык аял күйөөсүн өлтүрүүгө аракет кылган деп шек саналууда


Түркиянын желеги. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркиянын желеги. Иллюстрациялык сүрөт.

16-декабрда Түркиянын Анталия шаарына караштуу Манавгат аймагында 63 жаштагы А.А. мас абалында "80 жаштагы күйөөсүн өлтүрүүгө аракет кылган" деп шек саналып камакка алынды.

Бул тууралуу түркиялык "Ихлас" кабар агенттиги маалымат таратты.

Анда кыргызстандык аялды полиция кызматкерлери күч менен автоунаага салып жатканы жана күйөөсүнүн "аялыма расмий никем бар, акыркы күндөрү арак иче баштады, чыр салып мени өлтүрөм деп коркутканынан полиция чакырдым, бул аял менен баш кошконума өкүнөм", - деген видеосу көрсөтүлөт.

Кабарда шектүү А.А. Манавгат аймагынын Жумхуриет полиция бөлүмүндө камакта жатканы жазылат.

Расмий маалыматтар боюнча Түркиянын абактарында ушул тапта 12 кыргызстандык жаран отурат.

Жалпысынан Түркияда расмий түрдө 25 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет.(ElB)

XS
SM
MD
LG