Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Советтердин Британиядагы тыңчысы 99 жашында көз жумду


Георгий Бехтер (George Blake).
Георгий Бехтер (George Blake).

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын пресс-бюросунун төрагасы Сергей Иванов 26-декабрда ТАСС агенттигине билдирди.

Георгий Бехтер 11-ноябрда туулган күнүн белгилеген.

Тыңчы 1922-жылы 11-ноябрда Роттердамда туулган. Ал Улуу Британиянын Mи-6 чалгын кызматында Жорж Блейк деген ысым менен иштеген. Түндүк Кореяда туткунга түшкөндөн кийин, Советтер Биримдиги тарапка өткөн. 20 жылдан ашуун убакта эки тарапка тең тыңчы болуп иштеп, Москвага Улуу Британия тууралуу маалыматтарды берип турган.

Блейк саткынчылыгы үчүн деген доо боюнча 1961-жылы 42 жылга эркинен ажыратылган. 1966-жылы Улуу Британиядан качып чыгып, мурдагы ГДРдин борбору Чыгыш Берлин аркылуу СССРге өткөн.

Ага СССРдин тышкы чалгын кызматынын полковниги деген наам берилген. Ал - "Тунук дубалдар" жана "Башка тандоо жок" деген аталыштагы эки китептин автору. 2011-жылы "Агент Блейктин тандоосу" деп аталган даректүү тасмада башкы ролду өзү ойногон.

Блейк советтик Ленин, Достук ордендери жана башка көптөгөн медалдардын ээси болгон. Ал коммунисттик көз карашын өзгөрткөн эмес.

XS
SM
MD
LG