Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Ош ОИИБнин башчысы Малик Нурдинов кызматтан кетүү үчүн арыз жазды


Малик Нурдинов.
Малик Нурдинов.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) башчысы Малик Нурдинов ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү үчүн арыз жазды. Бул маалыматты облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, Нурдинов кызматтан кетүү жөнүндө арызын 24-декабрда жазган:

«Бир айдан бери амбулатордук дарыланууга барып жаткан. Дарыгерлер убагында дарылануу керектигин айтышыптыр. Ошондуктан арыз жазды», - деди Аширбаев.

Малик Нурдинов Ош ОИИБне жетекчи болуп 2018-жылы май айында дайындалган. Быйыл коронавирус пандемиясы учурундагы өзгөчө абал шартында Ош шаарынын жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты болгон.

Малик Нурдиновго мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында, 16-октябрь күнү генерал-майор наамын ыйгарган.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген.

Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров аткарып калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG