Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

УКМК: Матраимовдун мүлкү мамлекетке берилет


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тараткан маалыматка ылайык, бажы тармагындагы коррупциялык иштерден улам, мамлекетке кайтарылган батирлер коопсуздук кызматкерлерине берилбейт. Бул мүлктөрдүн баары мамлекеттин эсебине кайтарылат.

Бишкекте өткөн 24-декабрдагы басма сөз жыйынында мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке өткөрүп берген тогуз батирдин сегизи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине бериле турганын билдирген.

Ташиевдин айтымында, Матраимов күнөөсүн моюнга алып, 1 миллиард 400 миллион сомду бюджетке накталай акча түрүндө кайтарып берген.

Мындан тышкары, анын бир соода борбору жана тогуз батир түрүндөгү 600 миллион сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлдү.

Бул билдирүүдөн кийин Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын арасында жана социалдык медиада батирлерди жетим балдарга, дарыгерлерге же мугалимдерге берүү маселеси көтөрүлгөн.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Райымбек Матраимовдун мамлекетке бергени кабарланган батирлери мыйзамдуу жол менен өткөрүлүп берилбесе, вице-премьер катары атайын токтомго кол койбой турганын 25-декабрда «Твиттердеги» баракчасына жазган.(ZKo)


XS
SM
MD
LG