Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Башкы прокуратура: «Манас» аэропортунда коррупциялык иштин бети ачылды


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Башкы прокуратура “Манас” аэропорту сатып алууларды ишке ашырууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргенин аныктады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, мында аэропорт жетекчилиги чет элдик ишкана менен келишип алып, өлкө бюджетине 65 млн. сом зыян келтирген.
Маалыматка ылайык, жетекчилик 2018-2020-жылдары 16 сынакка төрт чет элдик компаниянын негиздөөчүсү А.Ш. аттуу жаран менен жеке кызыкчылыктын негизинде мыйзамсыз келишимдерин түзгөн.

Мунун негизинде аэропортко 430 млн. 617 миң 935 сомдук атайын жабдуулар сатылып алынган.

“Айрым товарларды сатып алууда бааларга мониторинг жасалбай, өндүрүштүк муктаждык эске алынган эмес. Баа негизсиз жогорулатылган. Тендер А.Шга таандык ишканалардын кызыкчылыгына ылайык жүргүзүлүп, башка ишканаларга басмырлоочу критерийлер жана талаптар коюлган. Ошол эле учурда А. Шнын сынактын талаптарына жооп бербеген арыздары жактырылган. Түрдүү топтогу товарлар мыйзамсыз түрдө бир лотто сатылып алынган”, - деп жазылган маалыматта.

Анда айтылгандай, аэропорттун жетекчилиги ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдалануу менен жеке кызыкчылыгын көздөп, мыйзамсыз келишимдердин негизинде мамлекетке 65 млн. 170 миң 226 сомдук зыян келтирген.

Бул материалдар боюнча Жазык кодексинин 233-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу”), 234-беренеси (“Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу”) менен бирдиктүү реестрге катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. (ZKo)


XS
SM
MD
LG