Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Быйыл Путиндин ишкерлер менен жолугушуусу болбойт


Орусиянын президенти Владимир Путин, 17-декабрь, 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин салтка айланган Жаңы жыл алдындагы ишкерлер менен жолугушуусу быйыл болбойт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын себеби айтылган жок, буга чейин да президенттин коомчулук менен түз байланышы өткөн эмес.

Путин адатта ишкерлер менен Жаңы жыл алдында жолугушчу. Былтыр Крмелде өткөн мындай жолугушууга миллиардерлер Михаил Гуцериев, Михаил Прохоров жана Михаил Фридман, Геннадий Тимченко, Владимир Потанин, "Роснефтинин" башкармалыгынын төрагасы Игорь Сечин катышкан. Бул жолугушууда экономикалык абал талкууланчу. Бирок былтыркы жолугушууда "Forbes" журналы жазгандай, "Путин Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы тууралуу тарыхый материалдарды кечке айтып отуруп алып коноктордун баарын таң калтырган".

Былтыркы катышуучулардын бири жолугушууда түз баарлашуу болбогонун, «бир суроого президент 10 мүнөт сүйлөп отурду» деп журналга айтып берген.

Сентябрда «Проект» басылмасы президент Путин менен жолуга турган бардык аткаминерлер, расмий адамдар анын алдында эки апталык карантинден өтөрүн билдирген. Бул эрежеге министрлер жана чоң бизнестин өкүлдөрү да баш ийет.

Песков «Проекттин» мындай маалыматына эч кандай комментарий берген эмес. Кийинчерек президент менен жолугушууга келгендердин бир бөлүгү эки апталык карантинден өтсө, айрымдарынан андай талап кылынбай турганын айткан.

68 жаштагы Путин коронавирус менен ооруганы тууралуу расмий маалымат жок. Орусиянын лидери жакынкы арада Sputnik V вакцинасын сайдырарын Песков 27-декабрда билдирди.

XS
SM
MD
LG