Баренцево деңизинде балык улоочу «Онега» кемеси чөгүп кетти. Бортто 19 киши болгон. Эки балыкчы куткарылды, калгандарын издөө уланууда.
Баранцево деңизине балык улоого чыккан «Онега» кемесине байланыштуу маалымат дүйшөмбү күнү эртең менен белгилүү болгон. Баштапкы маалыматтар боюнча, кеменин сыртын муз каптап, тоңуп калганына байланыштуу ал чөгүп кеткен.
Издөө-куткаруу иштерине «Войково» кемеси тартылды, окуя болгон жерге дагы үч кеме жөнөтүлдү. Аба ырайынын начардыгына байланыштуу издөөгө авиация катышкан жок.
Орусиянын Тергөө комитети «Суу жана деңиз транспортун пайдалануу эрежесин бузуу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.