Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Бюджеттик кызматкерлер ипотеканын үстөк пайызын азайтууну талап кылууда


Мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызын төмөндөтүү тууралуу талап менен уюштурулган пикет. 2020-жылдын 23-декабры.
Мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызын төмөндөтүү тууралуу талап менен уюштурулган пикет. 2020-жылдын 23-декабры.

Мугалимдер менен дарыгерлерден турган топ бүгүн, 29-декабрда Бишкекте өкмөттүн алдына чыгып, ипотекалык насыянын үстөк пайызын азайтууну талап кылууда.

Бул тууралуу акциянын катышуучулары «Азаттыкка» билдиришти. Алардын маалыматына караганда, азыр өкмөт имаратынын алдында 30га жакын киши турат. Баары Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыя алып, бирок аны төлөөгө айлыгы жетпей кыйналып жаткандар.

Акцияда ипотеканын үстөк пайызын 7-10 пайыздан төрт пайызга чейин түшүрүү, аны төлөөдө шартка жараша жеңилдиктерди берүү, маселени чогулуп талкуулоо тууралуу талаптар айтылды.

Учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилиги менен акцияга чыккандардын өкүлдөрү жолугушуп жатат.

Нааразы тарап 23-декабрда дагы акция өткөрүшкөн. Алар өкмөт тараптан эч кандай жыйынтык болбой жаткандыктан, кайрадан көчөгө чыканын маалымдашты.

Мамлекеттик ипотекалык компания акцияда айтылган талаптар тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Мекеме быйыл августта 1-майдан тартып 2,5 миңден ашуун үй-бүлөнүн пайыздык ченеми бир пайызга азайтылганын билдирген.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы экономикага олуттуу зыян алып келди. Марттын аягында киргизилген карантиндик чектөөлөр эки айга созулду. Коомчулукта насыя алгандардын арасында аны төлөй албай калгандар көп болду.

Беш жыл мурда түзүлгөн Мамлекеттик ипотекалык компания буга чейин насыя берүүдө бюджеттик кызматкерлерге басым жасала турганын билдирген. Эки жыл мурда насыя бардык жарандарга берилет деген чечим чыккан.

Мекеме беш жыл ичинде жалпы 5,5 миллиард сомдук 4 700 насыя берген. (NT)

XS
SM
MD
LG