Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Юрист Нурбек Токтакунов Жапаровду, Ташиевди жана Мамытовду актаган сотторго каршы Тартип комиссиясына кайрылды


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«Прецедент» юридикалык борборунун башчысы, адвокат Нурбек Токтакунов Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду актаган Жогорку соттун судьяларына каршы Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясына 29-декабрда кайрылганын билдирди.

Токтакунов Жогорку соттун үч судьясы айыптоо актысы бар экенине карабай мыйзам бузуу менен үч саясатчыны актаганын айтып жатат.

Юрист өз кайрылуусунда Тартип комиссиясынан мыйзам бузууга жол берген судьяларды улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген жана башаламандык жаратууга түрткү берген чечимдери үчүн иштен алып, жоопко тартууну талап кылган.

Ушундай эле мазмундагы кайрылуу Жогорку сотко да жиберилген.

Быйыл 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт тополоңго айланганда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров өкмөт менен президенттик бийликти колго алган.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн премьер-министрлик кызматты убактылуу токтоткон Садыр Жапаровду, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жана президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовду Жогорку сот 16-октябрда жети жыл мурдагы окуялар боюнча актаган.

Аты аталгандар жана Жогорку сот юристтин кайрылуусу тууралуу комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG