Президенттиккке талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова жана Каныбек Иманалиев бул тууралуу 29-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйында билдиришти.
Алар президенттикке дагы бир талапкер Садыр Жапаровдун акталышында мыйзам бузуу болгон деп эсептешет.
Талапкерлердин бири, юрист Клара Сооронкулова Садыр Жапаров менен катар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовду актаган Жогорку соттун чечими 6-октябрга караган түнү процессуалдык эрежелерди бузуу жана басым-кысым астында мыйзамсыз чыкканын билдирди.
Төрт талапкер буга байланыштуу Соттор кеңешине актоо өкүмүн чыгарган судьяларга карата чара көрүү талабы менен кайрыла турганын айтышты.
Буга чейин «Прецедент» юридикалык борборунун башчысы, адвокат Нурбек Токтакунов «үч саясатчынын акталышы мыйзамсыз болгон» деген негизде Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы менен Жогорку сотко арыз жазган.
Аты аталгандар жана Жогорку сот өз дарегине айтылган сын-пикир тууралуу комментарий бере элек.
Быйыл 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт тополоңго айланганда тарапкерлери абактан бошотуп алган Садыр Жапаров өкмөт менен президенттик бийликти колго алган.
Президенттик шайлоого катышуу үчүн премьер-министрлик кызматты убактылуу токтоткон Садыр Жапаровду, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жана президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовду Жогорку сот 16-октябрда жети жыл мурдагы окуялар боюнча актаган. (NT)