Кыргызстандагы «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүү долбооруна байланыштуу тендерди өткөрүүгө Жогорку соттун тиешеси жок.
Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Аскар Эркебаев «Азаттыкка» билдирди.
Анын айтымында, Евробиримдик каржылаган долбоорду ишке ашыра турган мекемени тандоо боюнча тендерди Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча коому (GIZ) башында турган эл аралык уюмдардын концорсиуму ишке ашырган. Евробиримдик аны көзөмөлдөп турат.
Уюмдун маалыматына караганда, «Жергиликтүү сот» системасы азыр жакшы иштеп жатат. Система аркылуу бирдиктүү реестр менен биринчи инстанциядагы 64 жергиликтүү сот иштеп келатат.
Ийгиликтүү болгонуна байланыштуу долбоор экинчи инстанциядагы сегиз сотко да ишке киргизилүүдө. Программаны ишке киргизүү аракеттери уланып жатканы кабарланды.
24-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын айткан. Ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер соттор боюнча Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын жарыялаган.
Жогорку сот буга «УКМКнын коррупция тууралуу айыптоосуна негиз жок» деп жооп кайтарган.
Мындай жооптон кийин УКМК Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын коррупциялык ишке тиешеси бар экендиги тууралуу «айныксыз далилдер бар» деген маалымат таратты.
Гүлбара Калиева 29-декабрда «Азаттык» радиосунун түз ободогу программасына катышкан учурда УКМКнын аны айыптаган билдирүүсүнө далил табылбай жатканын билдирди. (NT/KJ)