Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Сокулукта тойдогу тамак-аштан 70тей киши ууланды


Тоок этинен даярдалган тамак. Иллюстрациялык сүрөт.
Тоок этинен даярдалган тамак. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Сокулук районундагы «Оазис» кафесинде 24-декабрда үлпөт тойго катышкан 230 кишинин 70ке жакыны тамак-аштан ууланды.

Той ээси Канатбек Чокиев «Азаттыкка» үлпөткө союлган жылкынын этин чийки алып барып бергенин, калган тамак-аш, азык-түлүктүн баарын кафенин администрациясы сатып алып даярдаганын билдирди.

Анын маалыматына караганда, азыр уулануу белгилери менен ооруканага улам кайрылгандар болуп жатат. Үлпөткө Нарын, Токмок, Бишкек жана башка аймактардан коноктор барган.

Чүй облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл станциясы тойдон 70тен ашык киши ууланганын ырастады. Мекеме ушу тапта 16 киши ооруканаларда экенин, калганы амбулатордук шартта дарыланып жатканын кабарлады.

Тойго келгендер тоок этинен ууланган деген божомол бар. Көбү тоок этинен даярдалган тамакты үйүнө алып баргандыктан, аны жеген үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында уулануу белгилери менен бейтапканаларга кайрылгандар катталган.

Облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл станциясынын билдирүүсүндө, ууланууга эмне себеп болгону анализдин жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот. Кафенин жетекчилигине тазалык эрежелерине байланыштуу жалпы 15 миң сомдой айыппул салынган.

Ал жайдын администрациясынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. (NT)

XS
SM
MD
LG