Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Депутаттын бажыдагы бир тууганы пара талап кылуу боюнча шектүү катары кармалды


Шектүүнү кармоо учуру. Сүрөт Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттики.
Шектүүнү кармоо учуру. Сүрөт Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттики.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы 29-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажы тариздештирүү тобунун башкы инспекторун 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармады.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлап, иш пара талап кылуу фактысы боюнча иликтенип жатканын билдирди.

Такталгандай бажы кызматкери (К.М.А.) Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүш үчүн жеке ишкерден акча талап кылган.

Кармалган «К.М.А.» - Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы. Ушул тапта ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG