Орусиянын президенти Владимир Путин «Чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамга толуктоолорду киргизген документке кол койду.
30-декабрда күчүнө кирген мыйзамда сырттан каржы алып Орусияда саясат менен алектенген жеке адамдар менен коомдук бирикмелер да «чет элдик агент» катары тааныла тургандыгы жазылган.
Мындай бирикмелер менен адамдар Юстиция министрлигине маал-маалы менен өз ишмердиги тууралуу маалымат берип турушу керек.
Бул тизмеге киргендер мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлей албайт. Ошондой эле мамлекеттик сыр менен таанышууга укуктуу эмес.
Мыйзамды эл аралык жана укук коргоо уюмдары сынга алып, жарандык коомго сокку катары баалап жатышат.
Алар 2012-жылы кабыл алынган «Чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам улам толукталып отуруп, Орусиядагы көптөгөн өкмөттүк эмес уюмдарга, жарандык активисттерге, оппозициячыл саясатчыларга жана укук коргоочуларга карата басым көрсөтүү максатында колдонулуп келгенин айтышат.
«Amnesty International» эл аралык укук коргоо уюму мыйзамдын четтен каржыланган өкмөттүк эмес уюмдарга эле эмес, башка бир катар топторго да кесепети тиет деп сындап чыкты.
Мындан сырткары Владимир Путин орусиялык маалымат каражаттарын дискриминациялаган чет элдик сайттарды толук же жарым-жартылай чектөө боюнча мыйзамга да кол койду. Чектөө «YouTube», «Facebook» жана «Twitter» сыяктуу социалдык тармактарга да тиешелүү болушу мүмкүн.