Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) маегинде өлкөдө сөз эркиндигинин жана ар кандай көз караштагы саясий пикирлердин болушу бийликти курчутарын билдирди.
Ал муну журналисттин «Керек болсо өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирген кабарлар чыгып жатат. Кыргызстандын алдыдагы саясий, экономикалык абалы кандай болот?» деген суроосуна жооп берип жатып айтты.
«Коркпой бардыгын чыдап угуш керек. Сиз айткандай элди дүрбөлөңгө салган маалыматтар чыгып жатат. Бирок биздин оюбузча жакшы маалыматтар андан көбүрөөк», - деди Касмамбетов.
Кыргызстанда саясий абал курчуган октябрь айында «Чек арасыз кабарчылар» (RSF) эл аралык уюму Кыргызстандын бийлигин жана бардык саясий күчтөрдү журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууга чакырган.
Уюм башаламандыкта журналисттер күч кызматкерлеринин да, нааразылык акциясына чыккан тараптардын да кол салуусуна дуушар болушканын белгилеген. (BTo)