Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Хабаровскиде экс-губернаторду колдогон жүрүш бул сапар болгон жок


Аймакка кире бериштеги белги.

Хабаровскиде 2-январда жергиликтүү бийлик имаратынын алдында ондогон адамдар акцияга чыгышты. Алар экс-губернатор Сергей Фургалды колдоо үчүн чогулушту. Жергиликтүү маалымат каражаттары алгачкы жолу салтка айлангандай ар ишембидеги акция жүрүш менен коштолгон жок.

Хабаровскидеги каршылык акциялары Сергей Фургал 15 жыл мурдагы киши өлтүрүү ишине байланыштуу айыпталып, 9-июлда камалгандан кийин башталган.

Фургал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Ал Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясына мүчө болбой туруп, 2018-жылкы шайлоодо жеңип, кызматка келген саналуу губернаторлордун бири.

XS
SM
MD
LG