Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Карылар үйүнүн иштен алынган директору сотто утуп алды


Бишкектеги карылар жана майыптар үйүнүн жашоочулары. «Азаттыктын» архиви.
Бишкектеги карылар жана майыптар үйүнүн жашоочулары. «Азаттыктын» архиви.

Эркингүл Абдылдаева Бишкектеги Карылар жана майыптар үйүнүн директорунун кызматына кайта турган болду. Тиешелүү чечимди Жогорку сот чыгарганын Абдылдаеванын адвокаты Бактыбек Жумашев 3-январда билдирди.

Адвокаттын айтымында, көптөн бери уланып келген талаш-тартышка Жогорку сот өткөн аптада чекит койду. Андан кийин 30-декабрда социалдык өнүгүү министри Ализа Солтонбекованын буйругу менен Эркингүл Абдылдаеванын кызматы калыбына келтирилди.

Ал министрликти Улукбек Кочкоров жетектеп турганда мекемеде түзүлгөн атайын комиссиянын текшерүүсүнүн негизинде иштен алынган. Кийинчерээк Абдылдаева Социалдык өнүгүү министрлигин сотко берип, бардык инстанцияда утуп алган.

Соттордун анын кызматын калыбына келтирүү тууралуу чечими аткарылбады деген негизде адвокат Жогорку сотко кайрылган.

28-декабрда карылар үйүнүн мурдагы кызматкерлери мекеменин учурдагы башчысы Адылбек Козубаевге каршы Бишкектеги өкмөт имаратынын алдына акцияга чыгышкан. Нааразы тарап Козубаев мекемени башкарган бир жыл аралыгында 30га жакын кызматкерди иштен алганын айтышкан.

Адылбек Козубаев өз дарегине айтылган дооматтар тууралуу комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG