Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Пентагондун мурдагы жетекчилери өткөөл мезгилге аскерлердин кийлигишүүсүнүн алдын алууга чакырышты


Пентагон.
Пентагон.

АКШнын мурдагы он коргоо министри Пентагонду бийликти тынч өткөрүүгө чакырып, өткөөл маалда согуштук аракеттерге кириптер болуунун коркунучун эскертишти. Экс-министрлер, арасында президент Доналд Трамп дайындаган экөө, өз пикирин 3-январда «Washington Post» гезитине жарыялашты.

Шайлоо жана бийликти тынч өткөрүп берүү "биздин демократиянын башкы өзгөчөлүгү", деген авторлор Пентагондун азыркы башчысын Трамптын президенттик ордун сактап калуу аракеттеринде роль ойноодон оолак болууга чакырышты. Алардын айтымында, АКШнын Куралдуу күчтөрүн шайлоого байланышкан талаштарга аралаштыруу аракети «өлкөнү кооптуу, мыйзамсыз жана Конституцияга каршы келген талаага сүрүп салат».

Мурдагы министрлер 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын талашуу убакты өтүп кеткенин, Конгресстин жаңы курамы Шайлоочулар коллегиясынын добуштарын жакын арада бекитээрин белгилешти.

2020-жылы 14-декабрда Шайлоочулар коллегиясы Жо Байдендин жеңишин бышыктаган. Соттор доо арыздарынын көбүн четке какканы менен Трамп шайлоо бурмаланганын алигиче айтып келе жатат.

XS
SM
MD
LG