Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Түштүк Корея Ормуз кысыгында кармалган танкерди бошотууну Ирандан талап кылды


20 кишиси бар түштүк кореялык танкер 4-январда Ормуз кысыгында «мунай менен сууну булгап жатасыңар» деген негизде токтотулган. Расмий Сеул танкерди бошотууну Ирандан талап кылууда.

АКШнын Мамлекеттик департаменти танкердин кармалышын Перс булуңундагы кемелердин эркин жүрүшүнө коркунуч катары баалады. Муну мекеме Тегерандын экономикалык санкциялардан кутулуу аракети деп айыптады. Ирандын өкмөттүк маалымат каражаттары өлкөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиздеги күчтөрү кемени кармаганын кабарлаган. Кийинчерээк Ирандын Аймактык деңиз башкармалыгынын өкүлү Исмаил Макизаде түштүк кореялык танкердин кармалганын ырастады.

«Тилекке каршы танкер патрулдун эскертүүсүнө көңүл бурган эмес. Ошондуктан провинциянын сот бийлигинин чечими менен токтотулуп, Ирандын Бендер-Аббас портуна жиберилген», - деди Исмаил Макизаде.

Танкер Сауд Арабиясынан Бириккен Араб Эмираттарына бараткан. Бул окуя чөлкөмдө чыңалуу күчөп жаткан кезде болду. Туура бир жыл мурун Багдаддын жанында америкалык дрондун соккусунан ирандык таасирдүү генерал Касем Сулеймани курман болгон. Бир жылдыкты утурлай АКШ Перс булуңуна өзөктүк суу астында сүзүүчү кемесин жөнөткөн, америкалык согуштук учактар аймакты айланып чыккан.

XS
SM
MD
LG