Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Кызыл-Кыяда каракчылык боюнча шектүүлөр кармалды


Кыргызстандагы тергөө абактарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы тергөө абактарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

4-январда түн ичинде Кызыл-Кыя шаарынын 39 жаштагы тургунунун үйүнө беткап кийген белгисиз бирөөлөр кирип, күч колдонуп тоноп кетишкен. Алар аялды бычак такап коркутуп, 100 миң сом акчасын жана алтын зер буюмдарын алып кетишкен.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, бул факты Кызыл-Кыя шаардык милициясында Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») менен катталып, сотко чейинки териштирүү иши башталган. Иликтөө иштеринин натыйжасында 6-январь күнү бул ишке шектүү үч адам кармалды.

Алар Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 31 жаштагы тургуну К.Н., Ноокат районунун жашоочусу 32 жаштагы Р.Р. жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу 26 жаштагы Н.А. болуп чыкты.

31 жаштагы К.Н. жана 32 жаштагы Р.Р. мурда оор кылмыштары үчүн соттолушкан.

Шектүүлөр милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. (ZKo/JsA)

XS
SM
MD
LG