Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:19

УКМК: 10-январь күнү коомдук тартип жана коопсуздук камсыздалат


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) башка күч түзүмдөрү менен кошо президенттик шайлоо жана референдум алдындагы кырдаалга мониторинг жүргүзүүчү атайын ыкчам штаб иштеп жатканын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, 6-январдан тартып УКМКнын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

«Эң башкысы - шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган, экстремистик жана криминалдык топтордун, деструктивдүү түзүлүштөрдүн чагымчыл акцияларын даярдоо белгилерин өз убагында аныктоого жана алдын алууга басым жасалууда. Мамлекеттик стратегиялык объектилерде терроризмге каршы коргонуу чаралары күчөтүлдү», деп билдирди басма сөз кызматы.

Ошондой эле укук коргоо органдары жана Мамлекеттик чек ара кызматы менен бирге террордук жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн аныктоо, чектеш аймактарда тынчтыкты сактоо иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Мындан тышкары УКМК өлкөдө коомдук-саясий туруктуулукту сактоо үчүн шайлоо жана референдум учурунда чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратпоого үндөгөн.

10-январда Кыргызстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот. Ага 17 талапкер катышууда. Шайлоо менен кошо мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум да өтөт.

УКМК 2020-жылдын 31-декабрында Кыргызстандын аймагында пландалган террордук актынын алдын алганын кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, кылмышка бөгөт коюуга коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматы өнөктөш болгон. Терактка камынуу үчүн шектүү катары эл аралык террордук топко кирген 23 жаштагы кыргыз жараны кармалганы, ал аскер бөлүктөрүнүн бирин жардырууга даярданганы аныкталганы маалымдалган. (ZKo)


XS
SM
MD
LG