Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

АКШнын Жоржия штатында Сенатка шайлоонун экинчи айлампасы үчүн добуш бериле баштады


АКШ Конгрессинин имараты болгон Капитолийдин батыш өңүрү. Вашингтон. 1997-жыл.
АКШ Конгрессинин имараты болгон Капитолийдин батыш өңүрү. Вашингтон. 1997-жыл.

5-январда эртең менен АКШнын Жоржия штатында АКШ Сенатындагы эки орун үчүн шайлоонун экинчи айлампасында добуш берүү башталды. АКШ Сенатын кайсы партия көзөмөлдөй алат деген суроо кабыргасынан коюлууда. Бул шайлоонун жыйынтыгы Вашингтондогу бийлик тең салмактуулугуна жана жаңы шайланган демократ президент Жо Байдендин өз долбоорлорун жүзөгө ашыруу жөндөмүнө өзгөчө таасир тийгизмекчи.

АКШ Конгрессинин жаңы курамы үчүн шейшембиде (5-январда) Жоржия штатында Сенаттагы орундарга өткөн шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгы Сенатты ким көзөмөлдөй турганын биротоло аныктамакчы. Буга чейин Сенатты республикачылар көзөмөлдөп келген.

Жоржия штатындагы Сенатка шайлоонун экинчи айлампасына чыккан республикачы сенаторлор Келли Лөффлер менен Дэвид Пердьюнун сенаторлукка талапкерлигине каршы атаандаш талапкерлер болуп демократ саясатчылар, жаш сыналгы продюсери Жон Оссофф менен диниятчы Рафаэл Уорнок менен чыгууда. Уорнок Атлантадагы түпкү теги африкалык болгон америкалыктардын чиркөөсүндө пастор болуп келген.

4-январда республикачы президент Дональд Трамп менен шайланган президент, демократ Жо Байден экөө тең Жоржия штатында сенаторлукка атаандаш талапкер болуп жаткан өз партиялаштарын мыйзамга ылайык колдон келишинче сүрөөнгө алышты.

Эгерде Жоржия штатында шайлоонун экинчи айлампасында Лөффлер менен Пердью сенаторлук кызматтарын сактап калчу болсо, анда республикачылар 52 орунга ээ болуп, анча-мынча көбүрөөк добуш менен Сенатты мурдагыдай көзөмөлдөп калышат.

Учурда Сенаттагы 100 орундун 50сү республикачыларга, 46сы демократтарга жана эки орун маанайы демократтарга жакыныраак болгон көз каранды эмес эки сенаторго таандык.

Эгерде демократтар Уорнок менен Оссофф Жоржия штатындагы шайлоонун бул экинчи айлампасында жеңип чыгышса, анда Сенатта демократтар 48 орунга ээ болмокчу. Мындай шартта көз каранды эмес эки сенатор менен кошо демократтар Сенатта 50 орунга ээ болот, ал эми республикачылар 50 орунду сактап кала беришет.

АКШнын болочок вице-президенти, демократ Камала Харрис айым кызмат абалына байланыштуу Сенаттын башчысы болмокчу. Тиешелүү суроолордо добуштар теңме-тең болгон учурда Харрис айым өзү да добуш берип, Сенаттагы тараза ташын кайсы бир жагына оодарышы күтүлөт.

Ал эми былтыркы ноябрдагы сурамжылоодо Жоржия штатындагы республикачы талапкерлер алдыда турса, шайлоо күнүнө жакын калганда демократ талапкерлер анча-мынча артыкчылыкка ээ болуп жатышкан.

Шайлоонун биротоло жыйынтыгы бир нече күндө гана айкын болушу ыктымал. Кантсе да АКШнын тарыхында сейрек болчу учурлардын бири да ушул күнкү шайлоо болуп калды.

Конгресстин төмөнкү палатасына келсек, 2020-жылы ноябрда өткөрүлгөн шайлоодо АКШнын мыйзам чыгаруу бийлигинин (Конгресстин) төмөнкү палатасына демократиялык партиянын 222 өкүлү, республикачылардын 211 өкүлү шайланган. (Буга чейинки курамда демократтар 232 орунду, республикачылар 197 орунду ээлешкен болчу). Демек, анча-мынча добушту көбүрөөк алып, демократтар парламенттин төмөнкү палатасын көзөмөлдөөнү сактап калышты.

АКШнын Конгрессинин төмөнкү палатасынын – Өкүлдөр Палатасынын спикери, демократ Нэнси Пелоси айым 3-январда бул кызмат ордуна кайрадан шайланган. Анын кызматы АКШда президент менен вице-президенттен кийинки үчүнчү ири кызмат болуп саналат. АКШнын вице-президенти бир эле учурда Сенаттын төрагасы (президенти) болуп саналат. (TT)

XS
SM
MD
LG