Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Бишкекте «Тез жардам» кызматкерлери коопсуздук үчүн каска кийишет


«Тез жардам» машинелери. Июль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
«Тез жардам» машинелери. Июль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаадагы «Тез жардам» кызматынын дарыгерлери, айдоочулары жана башка медициналык кызматкерлери коопсуздук үчүн баштарына коргоочу каска кийишет. Аларга ар кандай тополоң жана башка учурларда каска зарыл болгонун «Тез жардам» кызматынын өкүлү Борис Егоров «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Каскалардын өңү кызматкерлердин халатына түспөлдөш ак түстө болот.

Бишкектеги 5-6-октябрдагы массалык башаламандык учурларында, мурдагы март, апрель окуяларында «Тез жардам» кызматынын кызматкерлерине таш, таяк жана башка нерселер тийип, жаракат алган учурлары катталган. Массалык тополоңдун катышуучулары дарыгерлерди, өрт өчүрүүчүлөрдү сабап койгон учурлар да көп болгон.

Былтыр 6-октябрга караган түнү бир дарыгердин башына таш тийип, ооруканага жаткырылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG