Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

ИИМ: массалык иш-чараларда журналисттер коопсуздугуна көңүл бурушу керек


«Азаттык» радиосунун кызматкерлери.
«Азаттык» радиосунун кызматкерлери.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) сөз эркиндиги демократиялык мамлекеттин
ажырагыс бир бөлүгү экенин билдирди. Бул тууралуу 9-январда мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратып, тоз-тополоңдо укук коргоо органдары журналисттердин ишине тоскоолдук жаратпай турганын жана журналисттер өздөрү да коопсуздугуна көңүл бурушу зарыл экенин эске салды.

ИИМ журналисттин уруксат берилбеген иш-чараларды чагылдырууга укугу бар экенин, алар митингдерде өздөрүнүн жанына кызматтык күбөлүк, бейджик, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша прессаны аныктай турган белгилерди: баш кийим, прессага тиешелүүлүгүн аныктаган жазуусу бар жилет алып жүрүшү керектигин кабарлады.

«Практика көрсөткөндөй, журналисттер коопсуздук үчүн коргонуучу жабдыктар, кандайдыр бир ЖМКнын өкүлү катары аныктоого мүмкүн болгон сырткы белгилер менен камсыздалышы керек», - деп айтылат маалыматта.

Жарандардын, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктарын бузуу, анын намысына жана аброюна шек келтирүү, коркутуу, өмүрүнө, ден соолугуна жана кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышкан мүлкүнө кол салуу үчүн мыйзамда жоопкерчилик каралганы эскертилди.

8-январда «Медиа полиси» институту шайлоо учурунда журналисттердин укугун коргоо боюнча Ички иштер министрлигине кайрылуу жасаган. ИИМ жогорудагы билдирүүнү ага жооп катары таратты.

Кыргызстанда 2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоо жана андан кийин башаламандык учурунда бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери митингдин катышуучулары тарабынан коркутуп-үркүтүүлөргө кабылган. Журналисттерге карата Интернеттеги опуза ушул күнгө чейин уланып келатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG