Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Шайлоо участкаларына бара албагандар добуш берип жатышат


Кыргызстанда шайлоо участкаларына келе албаган жарандар 9-январда добуш берип жатышат.
Кыргызстанда шайлоо участкаларына келе албаган жарандар 9-январда добуш берип жатышат.

Кыргызстанда шайлоо участкаларына келе албаган жарандар 9-январда жараянга катышып жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча, мындай тартип менен добуш берүү үчүн 21 360 адам арыз тапшырган.

Саламаттыгы начар жана майыптыгы бар адамдар, ооруканада жаткан бейтаптар, абакта отургандар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого бир күн мурда көчмө урна аркылуу добуш беришет.

Баткен облусунда ден соолугуна байланыштуу шайлоо участкасына бара албай турган 883 жаран жарандык милдетин аткарууда. Облуста шайлоочулардын жалпы саны - 297 миң 264тү түздү. Ошондой эле 217 шайлоо участкасы даярдалды.

Кыргызстанда шайлоо участкаларына келе албаган жарандар 9-январда добуш берип жатышат.
Кыргызстанда шайлоо участкаларына келе албаган жарандар 9-январда добуш берип жатышат.

Жалал-Абад облусунда 449 шайлоо тилкеси бар. Шайлоочулардын жалпы саны 666 миң 556. Алардын 2 811и шайлоого алдын ала катышуу үчүн арыз берген.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Президенттик жарышка адегенде 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салып 17си калды. 9-январда жымжырттык күнү башталды. Бул убакыттан тарта президенттикке ат салышып жаткан талапкерлер үгүт иштерин токтотууга тийиш.

Шайлоо жана референдумга байланыштуу баш-аягы 2 394 шайлоо участогу ачылды. Алардын ичинен 48и чет мамлекеттерде. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, шайлоочулардын соңку тизмеси 3 563 574 болду. (JsA/TB/BTo)

XS
SM
MD
LG