Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Өмүрбек Бабанов УКМКда сурак берип чыкты


Өмүрбек Бабанов. 29-август, 2019-жыл.
Өмүрбек Бабанов. 29-август, 2019-жыл.

Мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабанов 9-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип чыкты.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып атайын кызмат мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги тушунда козголгон иштер боюнча суракка алганын билдирди. Тергөөнүн купуялуулугун жүйө кылып кайсы иштер экенин ачык айткан жок.

УКМК 8-январда маалымат берип атайын кызмат жүргүзгөн сотко чейинки бир нече териштирүүнүн алкагында Бабанов фигурант катары өтүп жатканын кабарлаган.

Өмүрбек Бабанов 2019-жылдын 29-августунда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) сурак берип чыккандан кийин УКМКда жана Финансы полициясында ага каршы сегиз иш тергелип жатканын айткан.

Буга чейин белгилүү болгондой, Бабанов «2017-жылы президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып боюнча УКМКга сурак берип жатат.

Ал эми Финансы полициясында «Кыргызстан» коммерциялык банкына байланыштуу 2019-жылы апрелде жанданган кылмыш иштери боюнча күбө катары суралууда.

Өмүрбек Бабанов саясаттан кетерин президенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин, 2017-жылдын 30-декабрында билдирген жана депутаттык мандатын тапшырып, Орусияга чыгып кеткен. 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки толкундоодо келип, митингдерде сүйлөп, саясатка кайтканын жарыялаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG