Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:25

Ооганстанда бир нече жоокер окко учту


Ооганстандагы өкмөттүк аскерлер.
Ооганстандагы өкмөттүк аскерлер.

Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен «Талибандын» согушкерлеринин тынчтык сүйлөшүүлөрү уланып жатканына карабастан бул өлкөдөгү кол салуу аракеттери токтой элек. Түндүктөгү Кундуз провинциясында өткөрмө бекетке кол салуудан төрт аскер каза болду. Кол салуу 19-январга караган түнү болгон. Атышуу маалында «Талибан» кыймылынын 15 согушкери каза болуп, 12си жарадар болгону кабарланды.

Бирок Кундуз провинциясынын кеңешинин мүчөсү Гулам Рабани Рабани бул кол салууда өкмөттүк жоокерлердин жоготуусу көп экенин айтып чыкты. Анын сөзүнө караганда, Дашт-э-Арчи районундагы чабуулдан кеминде 25тей ооган аскери набыт болгон. Ал эми Кундузда дагы сегиз аскер окко учушу мүмкүн.

«Талибандын» өкүлү Забихулла Мужахид бул чабуулдардын артында согушкерлер турганын ырастады. Анын маалыматы боюнча, талибдер блокпостту жана курал-жарактарды ээлеп алышкан.

Кундуздагы каза болгондор жөнүндө эки ача маалыматты текшерүү мүмкүн боло элек. Бул провинциядагы бир топ аймакты талибдер ээлеп, журналисттер кире алышпайт.

XS
SM
MD
LG