Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Коомдук ишмер Радбек Эшмамбетов кайтыш болду

Радбек Эшмамбетов.
Радбек Эшмамбетов.

«Легендарлуу» парламенттин депутаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Радбек Эшмамбетов узакка созулган оорудан улам 20-январга караган түнү 72 жаш курагында каза болгонун парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Радбек Эшмамбетов кесиби боюнча инженер-гидрокуруучу болгон. Ленинград политехникалык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Кара-Көл ГЭСинде мастер болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин узак жылдар бою энергетика тармагындагы жооптуу кызматтарда, советтик, партиялык кызматтарда иштеген.

«Легендарлуу» парламенттин депутаты, өзгөчө кырдаалдар жана экология министри, өкмөт аппаратынын башчысы-министр болуп иштеген. 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратын жетектеген.

Радбек Эшмамбетов кесипкөй адис, мыкты уюштуруучу катары бааланып келген. Ал 1949-жылы 29-августта туулган.

​
XS
SM
MD
LG