Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Кыргызстанда коронавирус жуккандар кайра көбөйдү


Коронавирусту аныктоо үчүн лабораториялык текшерүү учуру.
Коронавирусту аныктоо үчүн лабораториялык текшерүү учуру.

20-январга карата Кыргызстанда дагы 162 кишиге коронавирус жугуп, Бишкекте эки бейтап көз жумду.

Ооруга чалдыккандардын саны бир күн мурункуга караганда дээрлик эки эсе көп.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 83430 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 79 373ү сакайды. Соңку бир күндө 124 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1392 адамга жетти.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 аныкталган бейтаптардын аймактык көрсөткүчү:

  • Чүй облусунда – 72;
  • Бишкек шаарында - 46;
  • Ысык-Көл облусунда – 24;
  • Ош шаарында - 11;
  • Баткен облусунда - 2;
  • Нарын облусунда - 2;
  • Ош облусунда - 2;
  • Жалал-Абад облусунда -2;
  • Талас облусунда - 1 киши.

Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 726 бейтаптын 40ынын абалы өтө оор, 225и оор, 449у орто оор абалда жатат, калгандарынын абалы канааттандырарлык.

Андан тышкары, 1010 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 20-январда 96 миллион 142 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 2 миллион 56 миңден көп, ал эми сакайгандар 53 миллионго жакын. (SE)

XS
SM
MD
LG