Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Сурабалдиева «Pfizer» вакцинасынан баш тартуунун себебин түшүндүрдү


Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева кыргыз өкмөтүнүн коронавируска каршы «Pfizer/BionTech» вакцинасын алуудан баш тартышы боюнча түшүндүрмө берди. Сурабалдиева «Азаттык» радиосундагы маегинде билдиргендей, СOVAX программасынын алкагында Кыргызстанга бул вакцинанын 30 миң дозасын берүү сунушталган.

«Бул программанын алкагында коронавируска каршы сегиз вакцинанын түрү сунушталган. Ал жерден 1,2 миллион адамды эмдөөгө вакцина берилет. Талкууга түшүп жаткан «Pfizer/BionTech» вакцинасынан болгону 30 миң доза берүү сунушталды. Бул калктын 0,25% гана камтыйт. Бул кокусунан болгон сунуш болду», - деди Сурабалдиева.

Вице-премьер бул вакцинаны сактоого өзгөчө шарт зарыл экенин жана башка варианттарды карап көрүш үчүн сунуштан баш тартканын билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө быйылкы жылдын июнуна чейин ишке ашпай турганын кошумчалады.

АКШ жана Европа Биримдигинин (ЕБ) курамындагы өлкөлөр калкты «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө иш-аракетин 2020-жылдын соңунда баштаган. Орусия өзү чыгарган «Спутник V» вакцинасын, Кытай да өз вакцинасын колдоно баштаган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эмдөө тармагынын башчылыгы 7-январдагы билдирүүсүндө COVAX программасынын алкагында начар өнүгүп жаткан жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналардын алгачкы түрлөрү жеткирилерин маалымдаган. (TSh/BkA)

XS
SM
MD
LG