23-январда түнкүсүн жана күндүз Баткен облусунан тышкары бардык аймактарда кар жаайт. Батыш тараптан шамал согот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10...-15, күндүз -4...-9,
Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...-5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...-7,
Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -8...-13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28...-33, күндүз -13...-18° болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -11...-13, күндүз -5...-7° болот.