Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Орусия: Навальныйды колдогон акциялар кармоо менен коштолууда


Алексей Навальныйды кармоо учуру. 2021-жылдын 17-январы.
Алексей Навальныйды кармоо учуру. 2021-жылдын 17-январы.

Орусиянын айрым шаарларында оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акциялар өтө баштады. Кээ бир жерлерде күч органдары демонстранттарды кармап кетип жатканы социалдык түйүндөр аркылуу кабарланууда.

Хабаровск шаарында миңдей адам чогулуп, жергиликтүү штабдын жетекчиси Алексей Ворсин жана эки журналист кармалганы маалым болду.

Южно-Сахалинск шаарында 400дөй адам акция өткөрдү. Алар көчөгө «Навальныйга эркиндик!», «Орусия эркин болушу керек!» деген ураандар менен чыгып, жөө жүрүш уюштурушту.

Владивостокто демонстранттардын саны миңге чукулдады, алардын катарында белгилүү блогер Юрий Дудь да болду.

Навальныйдын штабындагылар Владивостоктогу 23-январдагы кармоо тууралуу видео тасмаларды коомдук тармактар аркылуу таркатышты.

Өлкөдөгү жемкорлукка каршы нааразылык иш-чарага чыккандар моюн бербей, Ыраакы Чыгыштагы бул башкы шаардын улам башка жеринен жыйынга чогулууга далалат кылып жатышты.

Мындан тышкары, нааразылык акциялар Комсомольск-на-Амуре, Улан-Удэ шаарларында да өтүүдө.

Оппозициячыл саясатчы Навальный «Ив Роше» деп аталган иш боюнча быйыл 17-январда Москвада бир айга камакка алынган. Аны колдоо акциялары 23-январда бери дегенде 65 шаарда өтөрү айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG