Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Жапон өкмөтү Чүйдөгү эки социалдык мекемеге жардам көрсөттү


Жапониянын туусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Жапониянын туусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Жапон өкмөтү Кыргызстандагы эки социалдык мекемеге жардам тартуулады. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 23-январдагы маалыматына караганда, Жапониянын “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында 145 миң долларга Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге жана Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна медициналык, лабораториялык, тиричилик жана өндүрүш шаймандары, эмерек, техника, атайын медициналык автоунаа сатылып алынды.

Аталган гранттык программа Кыргызстанда 1996-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саламаттыкты сактоо боюнча баштапкы мекемелердин, башталгыч билим берүүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын ишин колдоого багытталган. Жалпысынан жапон өкмөтү бул программа аркылуу Кыргызстанда 11 миллион долларлык 163 долбоорду ишке ашырды. (RK)

XS
SM
MD
LG