Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

Кыргызстан менен БУУнун адам укуктары боюнча кызматташтыгы талкууланды


Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Элвира Сурабалдиева менен БУУнун аймактык бөлүм башчысы Ришард Коменданын жолугушуусу.
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Элвира Сурабалдиева менен БУУнун аймактык бөлүм башчысы Ришард Коменданын жолугушуусу.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча кеңсеси Кыргызстанга адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого көмөктөшөт. Бул маселе 23-январда Бишкекте вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Элвира Сурабалдиеванын аталган уюмдун Борбор Азия боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Ришард Коменда менен жолугушуусунда талкууланды.

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңешти жана адам укуктары жаатында иштеген башка да мамлекеттик органдарды күчтөндүрүү, жаштар үчүн аймактык борбор ачуу, БУУнун программалары менен кызматташуу тууралуу сөз болду.

Улуттар Уюмунун өкүлү кыргыз өкмөтү менен кызматташтыкты улантууга даярдыгын билдирди.

2019-жылы Кыргызстан The World Justice Project эл аралык уюмунун укук үстөмдүгү боюнча тизмесинде 126 уюмдун арасынан 85-орунду ээлеген. (RK)

XS
SM
MD
LG